ЖРТде канча балл аларыңды бүгүн бил
- 10 толук ЖРТ тест
- 57 предметтик тест — кыргызча жана орусча
- 4 100+ суроо
- 245 баллдык шкала
Биринчи тест акысыз · Android жана iPhone
Же ЖРТ сынамык тестин онлайн чыгар — жүктөбөй эле →
1 600+ мектептен 6 100+ окуучу даярданууда
Камераны QR кодго карат — Android же iPhone дүкөнү өзү ачылат.
t = 0,8t + 1,2
0,2t = 1,2, демек t = 6 — колонкалар тең. Доордо бул суроого окуучулардын 13% гана туура жооп берген.
Дагы 149 суроо тиркемеде →Бул суроо Доордогу акысыз толук тесттен алынды.
Сынамыктан чыныгы тестке чейин
2026-жылы жалпы босого балл 110 болгон. Сен азыр канча аласың?
Чыныгы сынактагыдай: 150 суроо, 215 мүнөт
Ар бир сынамык тест ЖРТнин түзүлүшүн кайталайт: математика, окшоштуктар жана сүйлөмдөрдү толуктоо, окуу жана түшүнүү, практикалык грамматика. Ар бир бөлүмдүн өз таймери бар.
- 10 толук сынамык тест
- Балл ЦООМОнун которуу таблицасы боюнча, 245 баллдык шкалада
- Тестти токтотуп, ошол эле телефондо кийин уланта аласың
Кайсы бөлүмдөн балл жоготконуңду так көрөсүң
Тест бүтөр замат баллың, ар бир бөлүм боюнча пайызың жана темалар боюнча туура жоопторуңдун саны чыгат. Каталарыңды кайра иштеп, туура жоопту өзүң табасың.
- Бөлүмдөр жана темалар боюнча талдоо
- Каталар үстүндө иштөө жана күндүн суроолору
- Баллыңдын өсүш графиги
Предметтик тесттер, окуу тексттери жана мектебиңдин орду
Англис тили (10 тест), биология (10 тест) жана тарых (10 тест) боюнча предметтик тесттер бар; биология жана англис тилинде суроолордун түшүндүрмөсү менен. Окуу жана түшүнүү бөлүмүнө өзүнчө окуу тексттери бар. Мектебиң райондо жана республикада башка мектептер менен салыштырылат.
- Ар бир предметтин биринчи тести акысыз
- Окуу тексттери: өзүнчө бир жолку төлөм
- Райондук жана республикалык мектептер рейтинги
Nurlan had to see the dentist, so he left the office _____ than his colleagues that afternoon.
Күрптүн дене клеткасында 80 хромосома бар. Эркек күрптүн сперматозоидинде канча хромосома болот?
Айя-София собору кайсы императордун мезгилинде курулган?
Суроолорду ЖРТни жогорку баллга тапшыргандар жазат
Тесттерди ЖРТни жогорку баллга тапшырган бүтүрүүчүлөр түзөт: алар бул тестти өздөрү тапшырып, форматын жакшы билишет.
Ар бир тестти жарыялаардан мурун Доордун командасы текшерет — суроолордун жазылышын, варианттарды жана туура жоопторду.
Бөлүмдөрү жана таймерлери расмий ЖРТдегидей, балл ЦООМОнун которуу таблицасы боюнча 245 баллдык шкалада эсептелет.
Бир жолу төлөйсүз — июнга чейин колдонулат
Балаңыз бардык толук сынамык тесттер менен ЖРТге даярданат. Ай сайын акча кармалбайт.
- Балаңыз тиркемеден «Ата-энеме жөнөтүү» баскычын басып, сизге шилтеме жөнөтөт.
- Сиз шилтемени ачып, өз телефонуңуздан банк тиркемеси, QR же карта менен Finik аркылуу төлөйсүз.
- Төлөм өткөндөн кийин тесттер балаңыздын тиркемесинде өзү ачылат.
Ар бири өзүнчө, бир жолку төлөм. Чакыруу шилтемеси менен келгендер толук тесттерге арзандатуу алышат.
Көп берилүүчү суроолор
ЖРТ деген эмне?
ЖРТ (Жалпы республикалык тестирлөө, орусча ОРТ) — Кыргызстандын ЖОЖдоруна грантка же келишимге кирүү үчүн тапшырылуучу улуттук тест. Аны ЦООМО (testing.kg) өткөрөт. Негизги тест 150 суроодон турат жана 215 мүнөткө созулат.
Доор тиркемеси акысызбы?
Биринчи толук сынамык ЖРТ, ар бир предметтик топтомдун биринчи тести, күндүн суроолору жана мектептер рейтинги акысыз. Калган толук тесттер (2 000 сом), предметтик топтомдор (англис тили 1 000 сом, биология 1 500 сом, тарых 1 200 сом) жана окуу тексттери (300 сом) ар бири өзүнчө бир жолку төлөм менен ачылат — жазылуу эмес.
Тесттер чыныгы ЖРТге окшошпу?
Ооба. Ар бир толук сынамык тест 150 суроодон турат жана 215 мүнөткө созулат: математика, окшоштуктар жана сүйлөмдөрдү толуктоо, окуу жана түшүнүү, практикалык грамматика. Балл ЦООМОнун которуу таблицасы боюнча, 245 баллдык шкалада эсептелет.
Тиркеме кайсы тилде?
Тиркеме жана толук сынамык тесттер кыргыз тилинде. Предметтик тесттердин баары ЖРТде да, ОРТдо да бар (тиркемедеги ЖРТ/ОРТ которгучу): биология жана тарых кыргыз же орус тилинде, англис тили — англис тилинде.
Кантип катталам?
Тиркемени жүктөп, аты-жөнүң, телефонуң жана email менен катталасың — бир мүнөт талап кылынат.
iPhone'до иштейби?
Ооба, Доор Android (Google Play) жана iPhone (App Store) үчүн бар.
Интернетсиз иштейби?
Тестти баштоо жана тапшыруу үчүн интернет керек. Тест учурунда байланыш үзүлсө, жоопторуң телефонуңда сакталат жана ошол эле телефондо уланта аласың.
Ата-энем төлөп бере алабы?
Ооба. Тиркемеден «Ата-энеме жөнөтүү» баскычын бас — ата-энең шилтеме аркылуу өз телефонунан банк тиркемеси, QR же карта менен төлөйт.
Биринчи толук тестти акысыз тапшыр
215 мүнөттөн кийин ЖРТде болжол менен канча балл аларыңды билесиң.
ЖРТ (ОРТ) боюнча эң керектүү маалымат
Расмий булактар менен текшерилген кыска маалымдамалар.